Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрларынын ички резервинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын Улуттук резервинде турган, белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ортосунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Укуктук колдоо бөлүмүнүн аналитиги (Г-Б) административдик мамлекеттик бош кызмат ордуна конкурс (мындан ары – конкурс) жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясына арызды жана керектүү документтерди берүү мөөнөтү конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде.  

Конкурс өткөрүү мөөнөтү: документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 20 жумушчу күндүн ичинде.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик кызмат ордуна карата

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
 

Бардык административдик мамлекеттик кызматтарга карата жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы  № 01-3/96 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Регламенти;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы  №01-08/60.токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикалык кодекси.

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.
  2. Кызматтык милдеттемелерин аткаруу үчүн, зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  3. Компьютерде иштей билүү жана керектүү программалык продуктыларды  (Word, Excel, Power Point, 1C-предприятие, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалымат-укуктук тутуму) билиши.

 

Укуктук колдоо бөлүмү

 

Аналитик (Г-Б)      

Кесиптик билим деңгээли 

- юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

 

Иш стажы

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы 3   жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө тиешелүү тармактык багытта  5   жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетенциялары

Билүү:

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

- Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс; Кыргыз Республикасынын жарандык кодекси; Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик кодекси; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; 

- “Республикалык бюджет жөнүндө” (тиешелүү жылга); “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө” токтому;    

 - чет тилдерди билүү (жакшы болмок).

  

 Билгичтиги: 

- актуалдуу маселелерди чечүүгө карата мамилени интеграциялоо жана талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү;   

- өз ишин натыйжалуу пландоо;

-  мыйзамды экспертизалоо стандарттарына ылайык, ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана алар боюнча сунуштарды жана корутундуларды даярдоо;

- командада иштөө.

 

Ыкмалары:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

- маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо; 

- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

 

- чыр-чатактуу жагдайларды жөнгө салуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иш этикетинин ыкмаларына ээ болуу;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде кызматтык документтерди жана иш боюнча кат жазышууларды даярдоо.