Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесинин 1- пунктуна ылайык, 2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттинин аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметаларынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышы боюнча аудиттер жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчёт Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жөнөтүлдү. Аудит жүргүзүлгөн объектилердин дарегине отчёттор жана жазма буйруктар менен бирге кетирилген кемчиликтер жана аныкталган бузууларды жоюу боюнча сунуштар жөнөтүлдү.

Отчёттор жөнүндө кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын www.esep.kg сайтынан “Бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчёттору жөнүндө” бөлүмүнөн тааныша аласыздар.