Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Абдыкалыков Эдил Шамилович - сектордун башчысы

Байланыш маалыматтары: 323350, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.


Түзүмдүк сектордун милдеттери

  • бирдиктүү техникалык саясаттын негизинде иш кагаздарын жүргүзүүнү  уюштурууну, жүргүзүүнү жана жакшыртууну жана Эсептөө палатасынын документтери менен иштөөдө заманбап техникалык каражаттарды колдонууну камсыз кылуу;
  • Эсептөө палатасынын документтери менен иштөөдө белгиленген тартиптин сакталышын контролдоо жана методикалык колдонмо; 
  • Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумдарын өткөрүүнү уюштуруучулук менен камсыздоо;
  • Эсептөө палатасындагы документтердин, алардын өз учурунда жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо менен   аткарылышын контролдоону камсыздоо;
  • убактылуу жана туруктуу мөөнөттө сакталган документтерди түзүүнү жана сактоону камсыздоо.

Түзүмдүк сектордун функциялары

  • Эсептөө палатасында иш кагаздарын жүргүзүү жана иш тартибин иштеп чыгуу;
  • Эсептөө палатасында колдонулган бланктардын түрлөрүнүн жана формаларынын курамын аныктайт жана Эсептөө палатасынын төрагасына бекитүүгө берүү;
  • тиешелүү бланкалар (даярдоо, эсеп, берүү ж.б.у.с. боюнча табыштамалар) менен  Эсептөө палатасынын түзүмдүк бөлүмдөрүн камсыздоо;
  • төраганын буйруктарынын жана Иш кагаздарын жүргүзүү секторунун ыйгарым укуктуу функциясына кирген маселелер боюнча жана башка кызматтык документтердин жана каттардын, протоколдордун, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин токтомдорунун долбоорлорун даярдайт;
  • Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумдарын даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат; 
  • отурум, кеңешме учурунда жүргүзүлгөн жазуулардын, берилген баяндамалардын тезистеринин жана чыгып сүйлөгөн сөздөрдүн, маалымкаттардын, чечимдердин долбоорлорунун негизинде протокол түзөт жана аткаруучуларга кабыл алынган чечимдерди жеткирет;
  • Эсептөө палатасына келип түшкөн документтерди кабыл алат жана баштапкы иштеп чыгууну жүргүзөт (каттоо, алдын ала кароо, жетекчиликке жана аткаруучуларга кароого берүү, жетекчиликтин резолюциясы менен аткаруучуларга жөнөтүү); 
  • чыгыш документтерин иштеп чыгат (каттоо, байланыш каражаттары менен тиешелүү берүү, документтерди таратуу);
  • кириш, чыгыш жана ички документтердин аткарылышын контролдойт; 
  •  белгиленген тартипте документти контролдоодон алат;
  •  аткаруу тартибине талдоо жүргүзөт (жыйынтык маалыматтардын санын жана белгилүү бир убакыт аралыгындагы контролдук иштин жыйынтыктары боюнча маалымкаттарды  түзүү; Эсептөө палатасынын жетекчилигине аткаруу тартибин талдоонун жыйынтыгы боюнча документтерди берүү);
  • аткаруу тартибин жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
  • иштердин туура түзүлүшүн контролдойт;
  • белгиленген тартипте аяктаган иштерди Эсептөө палатасынын архивине кабыл алат жана сактайт;
  • иш кагаздарын жүргүзүүдө документтердин баалуулугуна жана белгиленген тартипте аларды мамлекеттик сактоого тандап алууда, документтердин баалуулугуна  экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди уюштурат;
  • документтерди мамлекеттик сактоого берет;
  • Эсептөө палатасынын бириктирилген иш номенклатурасын түзөт, аны тиешелүү түрдө макулдашууну, бекитүүнү жүргүзөт жана андан көчүрмөлөрдү түзүмдүк бөлүмдөргө берет;
  • Эсептөө палатасынын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн, иш кагаздарын жүргүзүү секторунун тиешелүү документтерин белгиленген тартипте даярдай жана берет; 
  • Белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумдарына, Иш кагаздарын жүргүзүү секторунун карамагында турган маселелер боюнча өткөрүлгөн кеңешмелерге, комиссиялардын жана жумушчу топтордун отурумдарына катышат;
  • бөлүнүштүн жетекчилери менен бирге, аткаруу тартибин контролдоону камсыздайт.