Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Сыдыков Тимур Шералыевич - бөлүм башчысы

Байланыш маалыматтары: 323543, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.


Түзүмдүк бөлүмдүн милдеттери

  • тиешелүү багыттагы объекттер боюнча  бөлүмгө бекитилген аудиттерди жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ички реглламенттөөчү актыларына ылайык, жүргүзүлгөн аудиттер боюнча отчётторду, маалыматтарды да сунуштарды берүүнү камсыз кылуу; 
  • тиешелүү багыттагы объекттер боюнча  бөлүмгө бекитилген, жүргүзүлгөн аудиттердин сапатын контролдоону камсыз кылуу;
  • аудиттин жүрүшүндө жана анын жыйынтыктарын тариздөөдө, аудитордук топторго жана адистерге методологиялык колдоо көрсөтүү;
  • республикалык бюджеттин каражаттарын жана башка ресурстарды түзүү, башкаруу жана тескөө процессинде аныкталган бузууларга жана кемчиликтерге талдоо жүргүзүү, алары четтетүү, ошондой эле мыйзамды жакшыртуу боюнча, сунуштарды иштеп чыгуу.   

Түзүмдүк бөлүмдүн функциялары

  • Эсептөө палатасынын стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгууга катышат;  
  • аудитордук ишти пландоо боюнча колдонмого ылайык, аудитордук иштин узак мөөнөттүү  жана жылдык пландарын иштеп чыгууга катышат;
  • кезектеги жылга Эсептөө палатасынын негизги иш чаралар планына карата сунуштарды даярдайт; 
  • стратегиялык жана жылдык планды аткаруу жөнүндө маалыматты тиешелүү бөлүмгө даярдайт жана берет; 
  • бөлүмгө бекитилген багыттар объекттери боюнча аудиттерди жүргүзөт;
  • мамлекеттик бийлик органдарынын жана бөлүмгө бекитилген багыттар боюнча башка уюмдардын суроо-талаптарына жооп, корутунду берүү үчүн аудиттерди жүргүзөт;  
  • козголгон жазык иши алкагында, ошондой эле бөлүмгө бекитилген багыттар Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана соттордун токтомдору боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына жооп берүү үчүн, жеке менчигине карабастан ишканалардын жана уюмдардын ишине аудит жүргүзөт;
  • аудиттин материалдарын даярдайт, тариздейт жана эске алат, ошондой эле тиешелүү материалдардын, жүргүзүлгөн аудиттердин сапаты боюнча корутундуларды даярдайт;
  •  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кароосуна тиешелүү материалдарды (аудиттин жыйынтыктары боюнча отчётторду, сунуштарды, сунуштамаларды ж.б.у.с.) өз учурунда жана сапаттуу даярдайт; 
  • аудиттин жыйынтыктары боюнча каршы пикирлерди карайт жана жооптордун долбоорлорун даярдайт;
  • аудиттин жыйынтыктары боюнча жөнөтүлгөн сунуштарды жана жазма буйруктардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт; 
  • бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин, аппарат жетекчисинин чечимдерин, төраганын тапшырмасын аткарат; 
  • бөлүмдүн функциясынан келип чыккан маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча жоопторду карайта жана даярдайт;
  • Эсептөө палатасынын ишин уюштуруу жана методология боюнча, ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын  долбоорлорун  даярдоого катышат жана сунуштарды киргизет;
  • төраганын буйруктарынын жана бөлүмдүн функциясына кирген маселелер боюнча жана башка кызматтык документтердин жана каттардын, протоколдордун, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин токтомдорунун, аудитордук жана башка иш чараларды жүргүзүү маселеси боюнча тескөөчү документтердин  долбоорлорун даярдайт;
  • белгиленген тартипте бөлүмдүн ишинин жыйынтыгы боюнча тартип жазасын берүү, материалдык дем берүү чараларын көрүү жөнүндө бөлүмдүн кызматкерлеринин ишинин жыйынтыктары боюнча сунуштарды киргизет;
  • тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө белгиленген отчеттуулукту түзөт жана берет;
  • Эсептөө палатасынын жылдык иши жөнүндө отчётко киргизүү үчүн, белгиленген тартипте маалымат берет.