Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 

 

2021-жылдын 11-апрелинде Референдумда
(бүткүл элдик добуш берүүдө)
кабыл алынды

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

(Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 5 майындагы Мыйзамы менен кабыл алынды)

 

Биз, Кыргыз Республикасынын эли,

өз тагдырыбызды өз алдынча чечүү укугун туу тутуп;

укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында;

чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп;

ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап;

Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп;

мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүп;

адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана урматтоого умтулууну ырастап;

жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды таанып;

социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп;

элдин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эсте сактап;

азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчиликти түшүнүп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

I ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН САЯСИЙ НЕГИЗДЕРИ

1-берене

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана бардык аймагына жайылтылат.

3. Кыргыз Республикасы ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

4. Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат.

5. Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.

6. Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуу.

2-берене

1. Конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоо Кыргыз Республикасынын элинин эгемен укугу болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасында элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жеткиликтүүлүк принциптерине негизденет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.

4. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ болот.

5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.

6. Мыйзам менен тыюу салынган каржылык, администрациялык жана башка ресурстарды пайдалануу менен шайлоочулардын эркин шайлоосуна таасир этүүгө тыюу салынат.

3-берене

1. Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.

2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзам менен аныкталуучу администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

4-берене

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик төмөнкү принциптерге негизделет:

- бүткүл эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү;

- мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ырааттуу иштөөсү жана аракеттенүүсү;

- өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгы;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын ажыратылышы;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын коррупция үчүн шарттарды түзгөн аракетине (аракетсиздигине) тыюу салуу;

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын эл алдындагы конституциялык-укуктук жана башка жоопкерчилиги.

5-берене

1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.

2. Мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга жана мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын тартып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт.

Мамлекеттик бийликти узурпациялоо - өзгөчө оор кылмыш.

6-берене

1. Ушул Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

2. Конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституциянын негизинде кабыл алынат.

3. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

Эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуунун тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кирүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.

5. Жаңы милдеттерди белгилеген же жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

7-берене

1. Элдик Курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын.

Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

2. Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат.

8-берене

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо үчүн саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн.

2. Саясий партиялар коомдогу ар кандай социалдык катмарлардын жана топтордун көп түрдүү саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт.

3. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларын кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын партиялык ишти аткарышына;

2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны колдоп чыгышына;

3) диний жана этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;

4) жарандардын бирикмелеринин аскерлешкен кошуундарды түзүшүнө;

5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.

4. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылат.

9-берене

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

10-берене

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет.

2. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.

3. Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот.

4. Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн.

5. Чектелүүгө жаткан иш-чаралардын тизмеги, жеткиликтүүлүгү жана жайылтылуусу чектелген маалыматтардын тизмеги мыйзам менен белгиленет.

11-берене

1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык жана согуштук максаттарды көздөбөйт.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык түзүлөт.

2. Кыргыз Республикасына жана жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия жасалган учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

4. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен ынтымак жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташуу, ааламдык жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү принциптеринде жанаша жашоого умтулат.

12-берене

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана согуш абалы Конституцияда жана мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилет.

13-берене

1. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.

Мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.

14-берене

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго - Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануунун тартиби мыйзам менен белгиленет.

2. Бишкек шаары - Кыргыз Республикасынын борбору.

Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат. Республикалык маанидеги шаарлардын статусу мыйзам менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом болуп саналат.

 

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын" толук түрдө бул шилтемеден көчүрүп алсаңыз болот (57,2 Кб)