Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтырууну  камсыз кылуучу электрондук почта сервисине, кош келиңиздер,  ал жерден Сиз, электрондук кайрылууңузду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын дарегине жөнөтө аласыз.

Электрондук кайрылууну жөнөтүү алдында, Сиз төмөндөгү нускама менен таанышууну сунуш кылабыз.

Электрондук кайрылуу боюнча нускама

         Эсептөө палатасынын дарегине электрондук кайрылууңузду жөнөтөөр алдында,  төмөндөгү маалыматтар менен кунт коюу менен таанышыңыз.

Электрондук кайрылууну жөнөтөөр алдында форманы туура толтуруу керек. 

Кайрылуунун авторуна жооп, электрондук документ формасында жөнөтүлөт, эгерде анда аты-жөнү жана электрондук дареги  (e-mail) көрсөтүлсө.

Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болушу керек. Зарыл болгон учурда ага, жарандын далилдерин тастыктаган документтер тиркелет.  

Кайрылуу архивделбеген бир файл түрүндө электрондук формада салынган документтерди жана материалдарды камтышы мүмкүн.  Салынган файлдын көлөмү 5 Мб.дан ашырлбашы керек.

Салуу үчүн, төмөндөгүдөй форматтагы файлдар   мүмкүнчүлүккө ээ: txt, doc, rtf, xls, pps, ppt, pdf, jpg, bmp, png, tif, pcx, mp3, wma, avi, mp4, mkv, wmv, mov, flv.  Башка форматтар иштелип чыкпайт   (Форматтарды макулдашуу керек). 

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кайрылуулар кароого жатпайт, эгерде:  

  1. анда  уят-сыйытсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөр болсо;
  2. жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлө турган толук эмес же туура эмес почталык дарек көрсөтүлсө;
  3. кайрылуу конкреттүү арызды, даттанууну, сунуштарды камтыбаса; 
  4. кайрылууда  учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылса;
  5. текст латинцаны колдонуу менен жазылса же бүтүндөй баш тамгалар менен терилсе, сүйлөмдөргө ажыратылбаса.
  1. Электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылуулардын авторлорунун жеке маалыматтары жөнүндө маалымат, жеке маалыматтар жөнүндө мыйзам талаптарын сактоо менен, сакталат жана иштелип чыгат. 

Кайрылган адамдын аты-жөнү: *

Введите ваше имя

Электрондук дареги (e-mail): *

Введите правильный e-mail адрес

Жашаган дареги: *

Введите адрес места жительства

Кайрылуу тексти: *

Заполните обращение

Файлды тиркөө:
Файлды тандоо
Защита веб-сайта от интернет-ботов
Пожалуйста, пройдите верификацию ReCaptcha
 

* - милдеттүү түрдө толтурула турган жер