Финансылык тартипти бузган 171 аткаминер жазаланып, 14 кызматкер ээлеген ордунан бошотулду
Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңешке сунуштаган расмий отчетуна ылайык, ал тарабынан 2025-жылы мамлекеттик органдардагы ар кандай бузуулар, анын ичинен 1 032 жол-жоболук мүнөздөгү бузууларды аныкталган. Кемчиликтерди тез арада четтетүү үчүн аудит объектилерине 503 жазма буйрук, 306 сунуштама жана 7 сунуш жөнөтүлгөн. Буйруктардын аткарылышы ведомствонун өзгөчө көзөмөлүнө алынган.
Бул чаралардын жана мониторингдин жыйынтыгында, финансылык мүчүлүштүктөргө жана тартип бузууларга жол берген 171 кызматтагы адам тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Мындан сырткары, өз милдеттерин одоно түрдө бузган же талаптарды аткарбаган 14 аткаминер ээлеген кызматынан биротоло бошотулду.
Коррупцияга каршы күрөштү жана ички тартипти чыңдоону Эсептөө палатасы өз ичинен да баштаган. Өткөн жылы ведомствонун 3 мамлекеттик кызматкерине эскертүү, 30 кызматкерине сөгүш берилсе, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен 2 мамлекеттик инспектор ээлеген кызматынан бошотулган.







