Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасы 2025-жылы 21 миллиард сомдон ашык финансылык тартип бузууну аныктап, анын 62%дан ашыгын мамлекетке кайтарды

​Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңешке сунуштаган расмий отчетуна ылайык, 2025-жылы өлкөдөгү бюджеттик мекемелерде жана мамлекеттик ишканаларда ири суммадагы каржылык тартип бузуулар катталган. Жалпысынан өткөн жылы пландалган 98 аудитордук иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында 1 636 мамлекеттик түзүм жана ведомстволук бөлүм текшерүүгө алынган.

​Текшерүүнүн жыйынтыгында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 21 414,9 млн сом суммасындагы финансылык тартип бузуулар аныкталды. Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, жыл ичинде бул каражаттын 13 406,4 млн сому (же 62,6 пайызы) кайра тиешелүү бюджеттерге калыбына келтирилди.

​Катталган бузуулардын түрлөрү төмөндөгүдөй бөлүнгөн:

​​Бюджетти түзүүдөгү каталар жана бузуулар – 13,3 млн сом.

​Бюджетти аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 7 484,9 млн сом;

​Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 7 703,5 млн сом;

Эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 6 196,6 млн сом;

​Сатып алуулардагы (тендерлердеги) бузуулар – 16,5 млн сом;

​Текшерилген мекемелердин басымдуу бөлүгүн (1 016 бирдик) бюджеттик мекемелер түзсө, 357си чарба жүргүзүүчү субъекттер (мамлекеттик ишканалар, акционердик коомдор), ал эми 257си жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдар болгон.

Мамлекеттик эле эмес, жергиликтүү бюджеттер жана мамлекеттик ишканалардын бюджеттери бар