КР Эсептөө палатасы тарабынан жогорку финансылык контролдоо органдарынын эл аралык стандарттарына ылайык, 2025-жылдын 31-декабрында аяктаган жыл үчүн «Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучтарын башкаруу» долбоорунун каржылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүлдү.
Бул долбоор КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда жана насыялык өнөктөштүк менен гранттык макулдашууларга ылайык Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Эсептөө палатасы тарабынан долбоордун каржылык отчеттуулугунун ишенимдүүлүгү тууралуу пикир билдирилди. Аудит отчеттуулуктун Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Коомдук сектор үчүн каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеши тарабынан жарыяланган «Кассалык эсеп ыкмасы боюнча каржылык отчеттуулук» мамлекеттик сектор үчүн каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына, Азия өнүктүрүү банкынын талаптарына жана түзүлгөн макулдашуулардын тиешелүү беренелерине ылайык даярдалганын тастыктады.







