Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы сиздерди улуттук сыймыгыбыз болгон Кыргыз тили күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Эзелтен бери элибиздин рухун, тарыхын, маданиятын сактап келген кыргыз тили – бул биздин ата-бабадан калган эң баалуу мурастардан. Ал ыйык сөз менен даанышмандыкты, мекенге болгон сүйүүнү, улуттук биримдикти туюнтуп келген.
Мамлекеттик тил – мамлекеттүүлүктүн негизги тиреги. Ар бирибиз кыргыз тилин сактап, өнүктүрүп, жаш муундарга калтыруу аркылуу өз элибизге жана өлкөбүзгө болгон чыныгы патриоттуулугубузду көрсөтөбүз.
Ушул улуу күнүбүздө ар бир жарандын жүрөгүндө Кыргызстанга болгон сүйүү жана кыргыз тилине болгон сыймык күчөй берсин! Тилибиз барда – элибиз бар, тилибиз барда – Мекенибиз бар!
Кыргыз тили күнүңүздөр кут болсун!







