2025-жылдын 20-сентябрында Эсептөө палатасынын кызматкерлери жайкы эс алуулардан кийинки алгачкы ишембиликке чыгышты. Бул жолу «тазалык десанты» ордо калаабызга жанаша жайгашкан Байтик айылынан Кашка-Суу айылына карай жолдо өттү. Таңкы 09:00дон тартып кызматкерлер кол кап менен баштыктарды көтөрүп, айлана-чөйрөнү иретке келтиришти.
Ишембилик — бул жөн гана таштанды чогултуу эмес, мекенге болгон мамилени көрсөтүүнүн дагы бир жолу. «Тазалык — ыймандын жарымы» деп кыргыз эли бекеринен айткан эмес. Чынында эле, жаратылышыбызды таза кармоо — ден соолукка, айлана-чөйрөнүн кооздугуна жана келечекке салым кошуу.
Кызматкерлер таштанды чогултуу менен чектелбестен, айрым кызыктуу «табылгаларга» да туш болушту. Ишембилик маалында таштанды гана эмес, акча да табылып, катышкандардын маанайын күлкү-тамаша менен көтөрүп жиберди.
«Жерди таза кармоо — жүрөктү таза кармоо» демекчи мындай иш-чаралар өлкөбүздү таза кармоо гана эмес, туристтерге да жагымдуу шарт түзүүгө өбөлгө болот. Кыргызстанга келген меймандарга биздин жаратылышыбыздын сулуулугу гана эмес, анын тазалыгы менен да суктанууга мүмкүнчүлүк берүү — жалпы милдет.
“Мындай акциялардын мааниси чоң: айлана-чөйрөбүз таза болсо, ордо калаабызга жанаша айылдар дагы көздүн жоосун алып, Кыргызстанга келген туристтер жаратылыштын сулуулугун чыны менен таза абалда көрө алышат. Бул трасса биздин улуу тоолорубузга алып барган жол”, - деп белгиледи Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов.
Эсептөө палатасынын кызматкерлери ишембилик — бул милдет эмес, мекенге болгон сүйүүнү көрсөтүүнүн жакшы жолу экенин белгилешти. Бул жакшы салт мындан ары да уланып, «таза жер — таза келечек» деген ураан менен жигердүү улантылмакчы.












