2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2020–2024-жылдардагы бюджети боюнча шайкештик аудитинин маселеси каралды.
Негизги бузуулар:
- материалдык запастар боюнча ашыкча көлөм катталды;
- жаратылыш газын пайдаланууда лимит ашырылды;
- Улуттук маалыматтык технологиялар борборунун отчеттуулугу толук эмес жана кечиктирилип берилген;
- А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда студенттердин контракттык окутуу боюнча карыздары аныкталды;
- «Ак-Толкун» мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик башкаруу академиясына берилген акчалай каражаттарды белгиленген мөөнөттөн кеч кайтарган.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын Кеңеши аныкталган бузууларды жоюу жана мамлекеттик ресурстарды башкарууда ачык-айкындуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдады.







