Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунун алгачкы бөлүгү Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматчыларынын ант бериши менен башталды. Ант берүү мамлекеттик кызматтын айкындуулукка, мыйзамдуулукка жана жоопкерчиликке негизделген принциптерин тастыктап, кызматкерлердин ишине болгон коомчулуктун ишенимин арттырууда маанилүү роль ойномокчу.
Күн тартибине ылайык, бир катар мекемелердин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары угулуп, талкууга алынды. Анын ичинде:
- 2021–2024-жылдар аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бюджети боюнча отчет (баяндамчы – аудитор Мукаш Арзыбаев),
- 2023–2024-жылдар аралыгына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын бюджети боюнча отчет (баяндамчы – аудитор Алмаз Турдумалиев);
- 2020–2024-жылдар аралыгына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын бюджети боюнча отчет (баяндамчы – аудитор Алмаз Турдумалиев) каралды.
Мындан тышкары, отурумда Эсептөө палатасынын ички ишмердигин жөнгө салуучу документтер кабыл алынды. Атап айтканда, Эсептөө палатасынын Регламенти бекитилип (баяндамчы – Саралаева Нази Омурбековна), ошондой эле Эсептөө палатасынын сыйлыктары жана сыйлоо тартиби жөнүндөгү жобо бекитилди (баяндамчы – аппарат жетекчиси Болотбек Элебесов). Кеңештин отурумда кабыл алынган чечимдер мамлекеттик ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууга жана Эсептөө палатасынын ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган.












