Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Токмок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Токмок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө жүргүзүлгөн учурдагы 130 157,3 миң сом финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен 121 215,8 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болгон (аудиттердин жүрүшүндө 3 117,9 миң сом калыбына келтирилген), тактап айтканда:

  • Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо – 8 618,7 миң сом;
  • Бюджетке төлөмдөр, туумдар жана айып пулдарды өндүрүү боюнча көрүлбөгөн чаралар – 2 214,2  миң сом, толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 531,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш (506,8 миң сом калыбына келтирилген);
  • Бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүнүн жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин, каржылоонун чектүү көлөмдөрүнүн укуктук негиздерсиз өзгөрүшү – 75 663,8 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар – 16 504,6 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш (488,6 миң сом калыбына келтирилген);
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 1 012,7 миң сом;
  • ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар – 71,5 миң сом, толугу менен эсепке алынууга тийиш;
  • Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян  келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу – 59,2 миң сом, толугу менен калыбына келтирилген;
  • Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишимиң шарттарынын сакталбагандыгы - 689,9 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш;
  • Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу – 19 780,0 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш (1 064,0  миң сом калыбына келтирилген);
  • Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 5 293,9 миң сом толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш, (999,3 миң сом калыбына келтирилген);
  • Кредитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 407,3 миң сом толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш.

Коллегиянын чечимине ылайык, аудиттердин жыйынтыгы тууралуу маалымат Токмок шаардык кеңешине жиберилди. Андан тышкары, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Токмок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жазма буйруктар жиберилген.

Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Токмок  шаарынын 1-3 кичи райондорунун ортосундагы паркты куруу жана оңдоо” объектисинде курулуш иштеринин, жана Токмок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында аныкталган финансы бузуулар жана кемчиликтер боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.

Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле Токмок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына жана муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарын, Токмок шаарынын мэриясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну, жана  милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылууну, мэриянын жетекчилигине сунушталды.