Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы №188 «2025–2026-жылдарга мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында семинар өткөрдү.
Иш-чарага Эсептөө палатасынын аудиторлору, аппарат жетекчилиги, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, башкы мамлекеттик инспекторлор, мамлекеттик инспекторлор, аналитиктер жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин, Каржы министрлигине караштуу Ички аудит комитетинин жана «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышышты.
Семинардын негизги темасы «Электрондук аудит» болуп, мамлекеттик аудит системасын санариптештирүү аркылуу натыйжалуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды.
Эсептөө палатасынын Аппарат жетекчиси Болотбек Элебесов семинардын максаты тууралуу кеңири маалымат берип, «Электрондук аудит» бүгүнкү күндө эң актуалдуу багыт экенин белгиледи. Ал эми «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасынын өкүлү электрондук аудиттин өзгөчөлүктөрү жана практикалык колдонулушу боюнча түшүндүрмө берди.
Кыргыз Республикасынын Каржы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев Каржы министрлигинде жана ага караштуу мекемелерде жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү боюнча иштерге токтолду. Ал ошондой эле Борбордук бухгалтериялык эсептин толукталган программасы 2026-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилерин билдирди.
Семинардын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын өкүлдөрү практикалык суроолорду берип, аларга Каржы министрлигинин жана «Инфосистемс» МИнин өкүлдөрү жооп беришти.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Каржы министрлиги жана ага караштуу мекемелер (Ички аудит комитети жана «Инфосистемс» МИ) менен биргеликте жумушчу топ түзүү чечими сунушталды.
Бул семинар мамлекеттик аудитти өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.










