Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Бүгүн, 2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын аудиторлору жана тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Отурумда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун (учурда “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому) ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Өз сөзүндө аудитор Алимжан Байгазаков аудит учурунда бир катар кемчиликтер жана маселелер аныкталганын айтып өттү.  Кеңеш аудиттин жыйынтыгын талкуулап, тиешелүү сунуштарды кабыл алды (бул маселе боюнча маалымат өзүнчө даярдалат). Ошондой эле, жыйында бир катар кошумча маселелер каралып, анда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн натыйжалуулук, финансылык жана шайкештик аудиттеринин стандарттары жана 2025-жылга   Кыргыз Республикасынын Эсептөө  палатасынын Аудитордук иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө талкуу болду. Мындан тышкары,  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бош орундарга жарыялаган конкурстан өтүп келген мамлекеттик кызматчылар ант беришти.