Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттеринин түзүлүшүнө, аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү.
Аудитке, Сүлүктү шаардык мэриясы, КР Финансы министрлигинин Сүлүктү финансы башкармалыгы, Сүлүктү шаардык Кеңеши, Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги бөлүмү, Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Сүлүктү-Тазалык” жана “Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканалары, Сүлүктү шаардык “Шахтёр жолу” гезитинин редакциясы камтылды.
Шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 784,5 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, толук калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 205,6 миң сом бюджет боюнча калыбына келтирилди. Калыбына келтирилбеген калдык сумма 578,9 миң сомду түзөт.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 150,6 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджет боюнча толук ордуна коюлду;
- Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 18,6 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджет боюнча толук ордуна коюлду;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 12,7 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджет боюнча толук ордуна коюлду;
- Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 578,9 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген жок;
- Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 23,7 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө тийиш, бюджет боюнча толук ордуна коюлду.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
1. Аудиттин жыйынтыгы каралып, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Сүлүктү шаарынын мэрине, КРнын Финансы министрлигинин Сүлүктү финансы башкармалыгынын башчысына, Сүлүктү шаарынын мэрине, Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик бөлүмүнүн, “Сүлүктү-Тазалык”, “Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканаларынын башчыларына, “Шахтер жолу” гезитинин редакторуна сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү;
2. Отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү;
3. Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жиберилди.







