Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2025-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчёту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталды. Бул чечим Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө Мыйзамдын 100-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык кабыл алынган.

Отчёт Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралып, аны Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сунуштады. Анын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жыл ичинде мекеме бекитилген планга ылайык 88 аудитордук иш-чара жүргүзүп, кеңири масштабдагы көзөмөл ишин ишке ашырган.

Бул иш-чаралардын алкагында 1 848 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүм аудиттен өткөрүлгөн. Алардын катарын төмөнкүдөй субъекттер түзөт:

  • 1 150 бюджеттик мекеме;
  • 351 чарба жүргүзүүчү субъект;
  • 339 жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме жана уюм;
  • 8 башка уюм жана түзүм.

Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында жалпы суммасы 13,1 миллиард сомду түзгөн каржылык тартип бузуулар аныкталган. Алардын ичинде бюджеттик жана мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз чыгымдар, туура эмес эсепке алуу, мамлекеттик активдерди натыйжасыз башкаруу сыяктуу фактылар орун алган.

Төраганын маалыматына ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен 10 миллиард сом же 76,3 пайызы калыбына келтирилген. Бул көрсөткүч Эсептөө палатасынын көзөмөл-ревизиялык иш-чараларынын натыйжалуулугун жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу аракеттерин тастыктайт.

Ошондой эле отчётто каржылык тартипти чыңдоо, натыйжалуу башкаруу механизмдерин өнүктүрүү жана мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча бир катар сунуштар жана системалуу чаралар камтылган.

Комитеттин кароосунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт жактырылып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылары белгиленди.

Маалымат үчүн: Эсептөө палатасы – Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик аудит органы. Анын негизги милдети – мамлекеттик бюджеттин жана мамлекеттик мүлктүн мыйзамдуулугун, максаттуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча көзөмөл жүргүзүү.