Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман бардык мекендештерибизди ыйык Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айт – мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана биримдиктин символу. Бул ыйык күндөрдө элибиздин жан дүйнөсүндө ырайымдуулук жана боорукердик орноп, үй-бүлөлөрдө береке, мамлекетибизде тынчтык жана ынтымак өкүм сүрсүн!

Ар бириңиздердин тилеген тилектериңиздер кабыл болуп, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, ден соолук жана молчулук насип кылсын! Эл-журтубуз аман, мамлекетибиз дайыма өсүп-өнүксүн!

Айт маарек болсун!

Төрага 
Алмазбек Акматов.