Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 33435,8 миң сомду түзгөн, анын ичинде 28347,1 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 24697,8 миң сом. Анын ичинен:
- Бюджеттин долбоорун түзүүдөгү жана ал менен бир убакытта түзүлүүчү документтерди түзүүдөгү бузуулар 2288,6 миң сом. Анын ичинде:
- Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо 2288,6 миң сом.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 564,4 миң сом. Анын ичинде:
- Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес же толук эмес чегерүү) 243,1 миң сом;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 321,3 миң сом;
- Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 3540,0 миң сом. Анын ичинде:
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 3540,0 миң сом.
- Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар) 154,6 миң сом, анын ичинде:
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 154,6 миң сом.
- Мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 21803,8 миң сом. Анын ичинде:
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 21803,8 миң сом;
- Мүлктү пайдалануудагы бузуулар 429,1 миң сом. Анын ичинен:
- Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбагандыгы 429,1 миң сом;
- Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 2000,9 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинде:
- Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды баланстан чыгаруу боюнча мыйзам талаптарын сактабоо 120,8 миң сом;
- Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 1880,1 миң сом.
- Эсеп жана отчеттуулук тартибинин жана башка бузуулары 8,9 миң сом. Анын ичинен:
- Эсеп жана отчеттуулук тартибинин жана башка бузуулары 8,9 миң сом.
- Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы бузуулар 2645,5 миң сом. Анын ичинде:
- Ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр) 2645,5 миң сом.
Мындан тышкары, 1 (бир) бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар жана 1 (бир) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.







