Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Нарын областынын  Ат-Башы районунда  2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.                                                                                      

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 121933,8 миң сомду түзгөн, анын ичинде 114705,8 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 113319,6 миң сом. Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 650,9 миң сом. Анын ичинде:
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 650,9 миң сом;
  • Бюджеттердин каражаттарын максатсыз пайдалануу 120,0 миң сом. Анын ичинде:
  • Каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен четтеп өтүү менен пайдалануу120,0 миң сом.
  • Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар  498,2 миң сом. Анын ичинде:
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 498,2 миң сом.
  • Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар) 4380,2 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 3308,6 миң сом;
  • ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар 1071,6 миң сом;
  • Бюджеттерди аткарууда башка бузуулар жана кемчиликтер 103,6 миң сом;
  • Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер 103,6 миң сом;
  • Мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 96467,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинде:
  • Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 96289,4 миң сом;
  • Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу  81,8 миң сом;
  • Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу 95,9 миң сом;
  • Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 16969,6 миң сом. Анын ичинде:
  • Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 28,7 миң сом;
  • Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 16940,9 миң сом.
  • Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы  бузуулар 2744,2 миң сом. Анын ичинде:
  • Ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр) 2744,2 миң сом.

Мындан тышкары, 2 (эки) бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар жана 2 (эки) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар, 4 (төрт) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин материалдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин,  айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.