Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Урматтуу мекендештер!

Кылым карыткан кыргыз элим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман жаздын жарчысы болгон, аны менен кошо жылуулук алып келген, жүрөгүбүзгө үмүт отун жандырган Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз — жаңылануунун, биримдиктин жана берекенин майрамы. Бул күн эзелтен элдерди ынтымакка, табиятка болгон аяр мамилеге жана жакшылыкка чакырып келген. Ар бир үйгө кут кирип, дасторконуңуздарга береке, жүрөгүңүздөргө тынчтык жана жылуулук орносун!

Ноорузубуз жаңы үмүттөрдүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн башаты болсун. Ынтымагыбыз бекем, иштерибиз жемиштүү болсун!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов.