Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы 

2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча төмөндөгү дал келбестиктер аныкталган:

  1. Финансылык бузуулар 137 221,5 миң сом, анын ичинен:
  • Эмгек акы, сый акыларды  жана ар кандай төлөмдөрдү эсептөөдө мыйзам бузуулар - 102 380,0 миң сомду түзгөн, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш – 2 829,0 миң сом, аудит учурунда 1 202,7 миң сом ордуна коюлду.
  • Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес же  толук эмес чегерүү) – 2 811,0 миң сом, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш 2811,0 миң сом толугу менен калыбына келтирилген.
  • “Бюджеттик жана атайын каражаттар эсебинен чыгымдар сметасынын тиешелүү беренелери боюнча максаттуу багытына ылайык келбеген 8 449,0 миң сомго чыгымдарды жүргүзүүгө жол берилген.
  • Командировкалык чыгымдар боюнча бузуулар - 278,8 миң сом суммасында командировкалык чыгымдарды ашыкча төлөөгө жол берилип, аудиттин жүрүшүндө 174,3 миң сом калыбына келтирилген.
  • Товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражатынын  кем чыгуулары 1 293,9 миң сом, аудиттин жүрүшүндө 257,9 миң сом калыбына келтирилген.
  • Ижара мамилелери боюнча бузуулар - 122,4 миң сом, аудиттин жүрүшүндө 27,8 миң сом бюджеттин кирешесине ордуна коюлду.
  • Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар - 18 037,4 миң сом, аудит учурунда 5 816,7 миң сом бухгалтердик эсепте көрсөтүлгөн.
  • Курулуш-оңдоо иштери боюнча бузуулар жана кемчиликтер – 3 849,0 миң сом.
  1. Резервдер жана жоготуулар – 102 352,3 миң сом, анын ичинен:
  • Эмгек акы, сый акыларды  жана ар кандай төлөмдөрдү эсептөөдө мыйзам бузуулар – 88 588,0 миң сом.
  • Товардык материалдык балуулуктардын нормадан ашыкча чыгымдалышы  6 143,5 миң сом.
  • Бюджеттин жоготуулары – 7 620,8 миң сом.
  1. Рационалдуу эмес пайдаланылган акча каражаттар – 1 926 884,2 миң сом.
  • Ченемдик укуктук актыларда, же келишимдерде (контракттарда) каралган белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү негизсиз
    которуу – 47 324,4 миң сом.
  • Көздөгөн максатына жетпей пайдаланылган каражаттар – 888 793,9 миң сом.
  • Товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарынын калдыктары жана эсепке алынууга тийиш болгон дебитордук карыздар – 71 211,9  миң сом.
  • Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузуулар - 6 909,9 миң сом.  
  • Башка бузуулар – 912 644,1 миң сом.
  1. Бюджеттик классификациялоо коддордун колдонууну бузуу менен, бюджеттик каражаттарды ведомстволук бөлүштүрүүчүлөр жана алуучулар тарабынан бюджеттик каражаттарды бөлүү жана багыттоо29 367,2 миң сом.
  2. Мамлекеттик ишканалар боюнча бузуулар -11 740,9 миң сом.