2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы
2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча төмөндөгү дал келбестиктер аныкталган:
- Финансылык бузуулар – 137 221,5 миң сом, анын ичинен:
- Эмгек акы, сый акыларды жана ар кандай төлөмдөрдү эсептөөдө мыйзам бузуулар - 102 380,0 миң сомду түзгөн, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш – 2 829,0 миң сом, аудит учурунда 1 202,7 миң сом ордуна коюлду.
- Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес же толук эмес чегерүү) – 2 811,0 миң сом, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш 2811,0 миң сом толугу менен калыбына келтирилген.
- “Бюджеттик жана атайын каражаттар эсебинен чыгымдар сметасынын тиешелүү беренелери боюнча максаттуу багытына ылайык келбеген 8 449,0 миң сомго чыгымдарды жүргүзүүгө жол берилген.
- Командировкалык чыгымдар боюнча бузуулар - 278,8 миң сом суммасында командировкалык чыгымдарды ашыкча төлөөгө жол берилип, аудиттин жүрүшүндө 174,3 миң сом калыбына келтирилген.
- Товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражатынын кем чыгуулары 1 293,9 миң сом, аудиттин жүрүшүндө 257,9 миң сом калыбына келтирилген.
- Ижара мамилелери боюнча бузуулар - 122,4 миң сом, аудиттин жүрүшүндө 27,8 миң сом бюджеттин кирешесине ордуна коюлду.
- Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар - 18 037,4 миң сом, аудит учурунда 5 816,7 миң сом бухгалтердик эсепте көрсөтүлгөн.
- Курулуш-оңдоо иштери боюнча бузуулар жана кемчиликтер – 3 849,0 миң сом.
- Резервдер жана жоготуулар – 102 352,3 миң сом, анын ичинен:
- Эмгек акы, сый акыларды жана ар кандай төлөмдөрдү эсептөөдө мыйзам бузуулар – 88 588,0 миң сом.
- Товардык материалдык балуулуктардын нормадан ашыкча чыгымдалышы 6 143,5 миң сом.
- Бюджеттин жоготуулары – 7 620,8 миң сом.
- Рационалдуу эмес пайдаланылган акча каражаттар – 1 926 884,2 миң сом.
- Ченемдик укуктук актыларда, же келишимдерде (контракттарда) каралган белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү негизсиз
которуу – 47 324,4 миң сом. - Көздөгөн максатына жетпей пайдаланылган каражаттар – 888 793,9 миң сом.
- Товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарынын калдыктары жана эсепке алынууга тийиш болгон дебитордук карыздар – 71 211,9 миң сом.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузуулар - 6 909,9 миң сом.
- Башка бузуулар – 912 644,1 миң сом.
- Бюджеттик классификациялоо коддордун колдонууну бузуу менен, бюджеттик каражаттарды ведомстволук бөлүштүрүүчүлөр жана алуучулар тарабынан бюджеттик каражаттарды бөлүү жана багыттоо – 29 367,2 миң сом.
- Мамлекеттик ишканалар боюнча бузуулар -11 740,9 миң сом.







