2025-жылдын 20-мартында КР Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун күн тартибинде бир катар мамлекеттик органдарда жүргүзүлгөн шайкештик аудиттеринин жыйынтыктары каралды.
Күн тартибинин биринчи маселесинде 2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча отчетту Кеңеш мүчөлөрүнө аудитор Мукаш Арзыбаев сунуштады.
Андан соң, 2023-жылдын ичинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы тууралуу отчетту аудитор Уран Жумагулов баяндады.
Кезектеги маселеде 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиндеги бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитинин жыйынтыгы каралды. Бул маселе боюнча аудитор Пардаали Батиров отчет берди.
2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча маселени аудитор Жузупбек Нурматов сунуштады.
Кеңештин отурумунун иши КР Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматчыларынын ант берүүсү менен соңуна чыкты.











