Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2025-жылдын 14-мартында, КР Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн отурумунда 2020-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин (Агенттик) бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн пилоттук финансылык аудиттин жыйынтыктарын карады. Аудит Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарына ылайык аткарылып, негизги максаты — Агенттиктин финансылык отчёттуулугунун тактыгына жана аны мыйзамдык талаптарга ылайык жүргүзүүгө баа берүү болду.

Аудит учурунда ички контролдоо тутумунун ишмердүүлүгү, мыйзамдык ченемдердин сакталышы жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча бир катар жагдайлар аныкталып, алар боюнча Агенттикке сунуштамалар берилди.

Агенттик кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүү

2023-жылдын 31-майынан 2023-жылдын сентябрына чейин Агенттиктин кызматкерлерине күз-кыш мезгилине азык-түлүк даярдоо үчүн жалпы 500,0 миң сом суммада материалдык жардам берилген (ар бир кызматкерге 25,0 миң сомдон). Бирок, 2021-жылдын 7-майында бекитилген Жамааттык келишимге ылайык, кызматкерлерге жылына бир жолу 15,0 миң сом өлчөмүндө гана жардам көрсөтүлүшү керек болчу. Натыйжада, ашыкча төлөмдүн суммасы 200,0 миң сомду түзгөн.

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу

2021-2022-жылдары Агенттик өз кызматкерлерин ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзгөн:

  • 2021-жылы «АЮ ГАРАНТ» компаниясы менен 150,0 миң сомго (ар бир кызматкерге 7,5 миң сомдон);
  • 2022-жылы «НСК» компаниясы менен 210,0 миң сомго (ар бир кызматкерге 10,0 миң сомдон).

КР Эмгек кодексинин 211-беренесине ылайык, иш берүүчү кызматкерлерди кесиптик оорудан жана өндүрүштүк кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууну гана камсыздоого тийиш. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча чыгымдар Агенттиктин каражаттарын рационалдуу эмес пайдаланылышына алып келген.

Мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар

Аудит Агенттик тарабынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча бир катар мыйзам бузууларды аныктады:

  • 130,0 миң сом — автомашиналарды оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
  • 150,0 миң сом — депозиттерди коргоо системасы тууралуу видео жана аудиороликтерди даярдоо.

Бул кызматтарды сатып алуу учурунда КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык, рыноктук бааларга мониторинг жүргүзүлгөн эмес. Бул Агенттиктин бюджетине кошумча каржылык жүктөм жараткан.

Мурунку аудиттин сунуштарынын аткарылышы

Эсептөө палатасынын 2021-жылдын 1-мартында берилген №01-23/20 сунуштары толугу менен аткарылган.

Жыйынтык жана сунуштар:

Аудиттин жыйынтыгында, Агенттиктин ички контролдоо механизмдерин күчөтүү, мыйзам талаптарын так сактоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча бир катар сунуштар берилди. Агенттикке сунушталган жакшыртуулар анын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана финансылык тартипти бекемдөөгө багытталган.

Аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлмөкчү.