Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында аныкталган финансылык бузуулар, бардыгы –  64 734,1 миң сом, анын ичинде:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 10 582,7 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү)   -  3 305,1 миң сом;
  • бюджеттик смета менен каралбаган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу -1672,8 миң сом;
  • аларды алуу үчүн укуктук негизги ээ эмес адамдарга жөлөкпулдарды, компенсацияларды, субсидийлерди, субвенцийлерди жана башка акчалай төлөмдөрдү төлөө -336,0 миң сом;
  • курулуш-монтаждоо иштеринин наркынын жана/же көлөмүнүн жогорулатылышы – 1 095,3 миң сом;
  • капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы жана башка бузуулар - 112,3 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар -  5 784,9 миң сом;
  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар –   14 733,8 миң сом.
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражаттарынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 1,4 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү  пайдаланууда негизги бузууларга кирбеген жана башка бузуулар – 14,2 миң сом;
  • эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды, жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана башка төлөмдөргө байланышкан бузуулар – 754,8 миң сом.
  • Ченемдик-укуктук актылар жана келишимдер (контракттар) менен каралган, ошондой эле кезектеги мезгилдин эсебинен белгиленген өлчөмдөн ашык авансалык төлөмдөрдү чегерүү – 25 817,3 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар – 523,5 миң сом.

Кара-Балта шаарынын мэриясына Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгын Кара-Балта шаарынын мэриясынын Коллегиясында карап, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, мындан ары аларга жол бербөө, ошондой эле, өзгөчө көзөмөлгө алуу жана жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча жиберилген жазма буйруктардын милдеттүү аткарылышын камсыз кылуу сунушталды.