Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2024-жылдын аудитордук иш планына ылайык,  Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондусунда 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.                                                                                              

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен каржы бузуулардын жалпы суммасы 9255,3 миң сомду түзөт, аныкталган бузуулардын ичинен 9245,2 миң сому ордуна коюлууга жатат. Анын ичинен:

  •  курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу  2269,5 миң сом, ордуна коюлууга жатат;
  •  кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар 10,1 миң сом
  •  бухгалтердик эсепке негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбашы  6975,7 миң сом, ордуна коюлууга жатат. 

Мындан тышкары, 4 (төрт) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

 Аудиттин материалдары Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директорунун, башкы эсепчисинин, башкы адисинин, курулуш-куроо иштери боюнча Нарын областтык телерадиокомпаниясынын башкы эсепчисинин  катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган.

 Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө - Отчет; Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондусуна  аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, Сунуш жөнөтүлгөн.