Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында жана анын ведомстволук мекемелеринде 2018-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин жүргүздү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 24 млн 964,9 миң сом каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен финансылык бузуулар 32,7 миң сом, аудиттин жүрүшүндө анын 9,7 миң сому ордуна коюлган.

  36,3 миң сом суммасында финансылык бузуулар, анын ичинен:

  • аудиттин жүрүшүндө 9,7 миң сом калыбына келтирилген, ал эми 23,0 миң сом жана бухгалтердик баланс боюнча 3,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, алар:
  • дебитордук карыздарды эсепке алуудагы жашыруулар 3,6 миң сом;
  •  иш сапарларына кеткен чыгымдарды негизсиз эсептен чыгаруу -23,0 миң сом;
  • ырастоочу документи жок товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу – 9,7 миң сом.

Бюджеттин  жоготуулары – 12 525,9 миң сом, анын ичинде:

  • иштелбей жаткан китеп басып чыгаруучу жабдуулардын жана “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы китептери сакталган имараттын ижара акысы - 1604,0 миң сом;
  • жыл башына баланстык наркы 1 128,6 миң сомду түзгөн китеп басып чыгаруу үчүн аппараттын жана мекеме ишканаларга сатууга берилген облустук, райондук администрациялардагы 3 954,6 миң сомду түзгөн 4141 даана “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы китептери жана сакталып турган 6 967,3 миң сомду түзгөн 8149 даана “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы  китептери (жалпы 10 921,9 миң сомду түзгөн 12290 даана китептер) сатылбай сакталып турат, бул бюджеттин жоготуусу болуп санат. Жалпы 10 млн 921,9 миң сом.

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар – 1 449,4 миң сом, анын  ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын жана эсептөөдөгү каражаттардын  ченемден тышкары запастары жана дебитордук карыздар – 1162,5 миң сом;
  • жылдын аягында бюджеттик мекемелерде накталай бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары – 286,9 миң сом.
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү бузуулар 529,6 миң сом
  • бюджеттик классификациялык коддорду колдонууну бузуу  10 423,7 миң сом (имаратты күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдар 2231 “Коммуналдык кызматтар” беренесинин  22311200 “Электр энергиясына акы” элементинен төлөм жүргүзүлгөн).