Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 2024-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчету каралды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун 2023-жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча дал келбестиктердин жалпы суммасы 214 млн  377,9 миң сомду түзгөн, анын ичинде бузуулардын категориясына карата:

1.  Бюджеттик классификациялык коддорду колдонууну бузуу менен бюджеттик каражаттарды ведомствого караштуу жана бюджеттик каражаттарды алуучуларга берүү жана багыттоодо - 204 млн 618,7 миң сом;

2.  Бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгашаларды төлөө үчүн пайдалануу - 29,2 миң сом.

3.  Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын жана/же көлөмүн ашыкча баалоо - 47,0 миң сом.

4.  Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды, пособиелерди, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан бузуулар - 5 360,2 миң сом, анын ичинен:

  • кызматкерлердин эмгегине ашык төлөө - 5 356,2 миң сом;
  • акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар (иш сапар) - 4,0 миң сом.

5. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулуктун тартибин бузуу, бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана амортизациялоо боюнча мыйзам талаптарын аткарбоо – 3 783,2 миң сом, анын ичинен:

  • капиталдык оңдоо иштерине кеткен чыгымдардын эсебиндеги тартип бузуулар – 2 465,0 миң сом;
  • капиталдык оңдоп түзөө жумуштарына чыгымдалган 859,6 миң сомго имараттын баланстык наркы көбөйтүлгөн эмес;
  • негизги каражаттардын баланстык баасын жогорулатуу - 458,6 миң сом.

6. Дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар - дебитордук карызды бухгалтердик эсепте чагылдырбоо - 539,6 миң сом.

7. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү бузуулар - 256,0 миң сом.