Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КУЛАКТАНДЫРУУ

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына кайрадан тандоо жүргүзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн МТ боюнча аналитиги (Б-Б) – 1 бирдик;

2) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн курулуш боюнча мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 1 бирдик.

Бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн тандоого катышууга талапкерлер мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтерди берет:

  1. жеке арызы (үлгү боюнча);
  2. сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (үлгү боюнча);

3) өмүр баяны (үлгү боюнча);

4) паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы аңгемелешүүдө көрсөтүлөт);

5) зарыл болгон кесиптик билимин ырастаган документтердин, эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

6) В2 же С1 деңгээлинде кыргыз тилин билүү жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

7) берилген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу мөөнөтү менен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.

Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

            Тандоого катышууну каалаган жарандар, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү саат 9.00-18.00 чейин Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү, 131 дареги боюнча тандоо жүрүү жөнүндө кулактандыруу  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыялангандан күндөн тартып он календарлык күндүн ичинде көктөмөгө тигилген  документтерин берет.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар тандоого катыша алышпайт.

 

*Тандоого катышууну каалаган жарандар көктөмөгө тигилген  документтерин берет.

!!! Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык тандоого катыша алышпайт.