Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралууда.

Отчёттук жылда жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын жыйынтыктарында бузуулардын түрлөрү боюнча төмөнкүлөр аныкталган:

1.      Бюджеттердин тиешелүү долбоорлорун түзүүдө жана кароодо кетирилген бузуулардын жалпы суммасы 11,3 млн сомду түзгөн. Анын ичинен, 9,0 млн сому же 80,0 пайызы жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшүнө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча аныкталган;

2.      Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун жана мамлекеттик катышуу үлүшү чоң чарба жүргүзүүчү субъекттердин бюджеттерин аткаруудагы бузуулардын жана кемчиликтердин жалпы суммасы 7,4 млрд сомду түзгөн;

3.      Кыргыз Республикасынын мүлкүн колдонуудагы бузуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 1,2 млрд сомду түзгөн. Классификациянын бул түрү боюнча бузуулардын 782,5 млн сому же 65,0 пайызы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча аныкталган бузуулар ээлейт;

4.      Эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулардын жалпы суммасы 2,1 млрд сомду түзгөн;

5.      Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуулары боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон суммасы 72,6 млн сомду түзгөн.

6.      Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин бузууларынын суммасы 895,9 миң сомду түзгөн.