Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Коллегиясынын биргелешкен жыйыны болуп өттү.  

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын биргелешкен контролдук иш-чарасынын жыйынтыгында, видео конференция форматында “Россия Федерациясынын биринчи Президенти  Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик билим берүү мекемесинин 2020-2022-жылдары финансылык жактан камсыз кылууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө ишинин натыйжалуулугун текшерүү” биргелешкен контролдук иш-чаранын жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды.

Отурумду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жана Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Галина Изотова алып барды.

Контролдук иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Уран Жумагулов жана Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аудитору Дмитрий Зайцев баяндама жасашты.

Отурумдун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши жана Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Коллегиясы биргелешкен контролдук иш-чаранын жыйынтыгы боюнча отчетту бекитүү чечимин кабыл алышты.