Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Ак калпак эзелтеден элибизде мырзалардын салттуу баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары эсептелип, өзүнө терең улуттук философияны камтып турат.
Андыктан улуттук баш кийимибиз – Ак калпак кыргыз эр азаматтарынын башынан түшпөсүн! Улуттук кийимдерибиз улуттун улуулугун сактап, элибиздин ар намысы бийик болсун! Байыркы нарк насилибиз, улуттук каада-салтыбыз сакталып, уңгулуу кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта беришине тилектешмин.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы

Алмазбек Акматов