- Подробности
- Просмотров: 2032
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйынында 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин отчету каралды.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, анын аймактык органдарында жана ведомстволук бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзгөн.
Аудиттин жүрүшүндө, 2022-жылга карата соода жүгүртүүнүн, ресторандардын, мобилдик жана башка тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүң, ошондой эле барлар боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүң айрым көрсөткүчтөрү боюнча КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтары КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарынан 371,4 млрд сомго көп экени аныкталган.
Бишкек шаардык статистика башкармалыгында башка чийки заттар жана материалдар боюнча 18,3 миң сом суммасында кем чыгуу аныкталып, аудит аяктаганда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө калыбына келтирилген.
Интеллектуалдык маалыматтар борбору тарабынан иштебеген жана капиталдык салымдарды талап кылган “Белек” пансионатына 424,8 миң сомго чарбалык товарлар сатылып алынган, бул борбордун рационалдуу эмес чыгымдары болуп саналат.











