Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине, келечектеги экономистерине жана финансистерине алардын билим деңгээлин практика менен бекемдөө үчүн, келечектеги жаш кадрларды калыптандыруу жана тарбиялоо максатында, дарстарды өткөрүп келет. Бул жолу Илимий-Изилдөө Университети "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин" Экономика жана сервис колледжинин студенттерине Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, маалыматтык экскурсия өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук ишти пландоо, отчеттуулук, маалымат жана санариптик өнүктүрүү боюнча башкармалыктын начальниги Руслан Абдыкалыков Эсептөө палатасынын статусу, ролу, милдеттери, төрага жана аудиторлордун ыйгарым укуктары, жана аларды шайлоонун тартиби жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Эсептөө палатасынын иш багыттарына, принциптерине жана аудиттик иш - чараларды пландоо, аудиттин түрлөрү жана аларды жүргүзүү эрежелери тууралуу кененирээк токтолду.
Андан тышкары студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, иш-чаранын жүрүшүндө көбүн эсе коррупцияга каршы күрөшүү, табылган бузуулардын түрлөрү, Эсептөө палатасынын мамлекеттик башка органдар менен анын ичинде укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен кызматташуу темаларын камтыды.