Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2022-жыл аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Кара-Балта шаарына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 5 млн 735,0 миң сом финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинде:

- каражаттарды сарптоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 5 651,0 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 169,6 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана эсепке берме суммаларды эсептегенде, акча каражаттарын, негизсиз эсептен чыгаруу – 16,7 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 2 317,0 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 3 147,7 миң сом.

Бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери – 84,0 миң сом, анын ичинде:

  •  бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 84,0 миң сом.  

Аныкталган бюджеттин рзервдери жана жоготуулары – 6 141,0 миң сом, анын ичинде:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары-1 063,8 миң сом;
  • эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 2 520,6 миң сом;
  • бюджетин башка резервдери жана жоготуулары – 2 556,6 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 6 818,7 миң сом, анын ичинде:

  • ТМБнын нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 6 818,7 миң сом.

Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 3 848,9  миң сом.

Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кара-Балта шаардык кеңешине маалымат, бардык аудит жүргүзүлгөн объектилерге жазма буйруктар жиберилди.