Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 27 жылдыгынын урматына, 2023-жылдын 16-октябрынан 18-октябрына чейин спорттун 5 түрү боюнча Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда спартакиада өткөрүлүдү.

Спартакиаданын салтанаттуу ачылышына Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлор, кызматкерлер, курама командалар, ошондой эле күйөрмандар катышышты. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: бильярд, волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, футбол. Ал эми 19-октябрда спартакиаданы жыйынтыктап, байгелүү орундарды алган командаларга, ошондой эле Эсептөө палатасынын мыкты кызматкерлерин сыйлоо аземи болду. Сыйлоо аземинде Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов эмгек жамааттын кесиптик майрамы менен куттуктап,  өлкөдө финансылык контролдоонун таасирдүү системасын түзүүгө жана финансылык контролдоонун деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы маанилүү экендигин белгилеп, байгелүү орундарды алган командаларга жана Эсептөө палатасынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Ал эми спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болду.

 

Волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгы:

1-орун - КР Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшү.

2-орун - КР Эсептөө палатасынын Борбордук аппараты.

3-орун - КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү.

 

Шахмат боюнча мелдеште:

1-орун Абдыманапов Калынур

2-орун Асылбеков Бакыт

3-орун Осмонов Чолпонбек

 

Футбол боюнча мелдеште:

1-орун - КР Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү.

2-орун - КР Эсептөө палатасынын Борбордук аппараты.

3-орун - КР Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшү.

 

Стол тенниси боюнча (мырзалар арасында)

1-орун Касымов Нурсултан

2-орун Адиев Эдилбек

3-орун Итигулов Кубан

 

Стол тенниси боюнча (айымдар арасында)

1-орун Осконбаева Жамиля

2 -орун Джумабаева Клара

3-орун Адамкулова Салтанат

 

Бильярд боюнча мелдеште:

1-орун Сакиев Мирлан

2-орун Адиев Эдил

3-орун Усупов Алмаз

 

Спартакиада спортту жана сергек жашоону даңазалоо жана жайылтуу, командалык духту түзүү, ошондой эле спартакиадага катышкан мыкты командаларды аныктоо максатында өткөрүлдү.