Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-2022-жылдар аралыгына (4 жыл үчүн: 2019-жыл, 2020-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл) карата бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер   310928,9 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;
  • эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар  27917,2 миң сом. 

Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249047,0  миң сомдун ичинен 152596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17  жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.

  КРУКМК Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилген:

  • Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын  1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки  мезгил аралыгына карата (4 жылга ) бюджеттин аткарылышына жана ишине  жүргүзүлгөн шайкештик  аудиттин жыйынтыгы боюнча Отчет;
  •   “Covid-19” коронавирус пандемиясы учурунда Балыкчы шаарынын тургундарына  8750 кг (175 мешок) ун азыктарын 275,6 миң сомго (жабдуучу “Дөөлөт Трейдинг” ЖЧКсы) жана 423,5 мин сомго (жабдуучу жеке ишкер “А.Н. Бектурганов”) тамак-аш азыктарын тастыктоочу иш кагаздары жок таратылгандыгы боюнча материалдар;
  •  К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драмалык театрына материалдык – техникалык базасын чыңдоого (жабдуучу “Вертекс Ком” ЖЧКсы) 750,0 миң сомго Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан, техникалык спецификацияга жооп бербеген кичиавтобус сатылып алынгандыгы боюнча материалдар.