Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрда, КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери жалпы элдик ишембиликке активдүү катышты.
КР Эсептөө палатасынын жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Заречное айылынын өйдө жагынан баштап Таш-Дөбө айылына чейинки жолду таштандылардан тазалап чыгышты. Ал эми КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү М. Горький атындагы паркты шыпырып, таштандылардан арылтты. Ошондой эле КР Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшү да ишембиликке катышып, Ош менен Жалал-Абад областтары чектешкен жерди тазалашты.
Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы шаардык жана республикалык ишембиликтердин активдүү катышуучусу болуп саналат.