Бүгүн, 2023-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 2021-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары боюнча отчету каралды.
Аудиттин жүрүшүндө бардыгы болуп 1 млрд. 778 млн. 355,6 миң сомдук каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен:
-1 282,3 миӊ сом суммасына товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери аныкталган.
-1 760 667,2 миӊ сом суммасына каражаттарды чыгымдоодо бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Анын ичинде:
- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 917297,9 миӊ сом;
- товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруулар – 8880,8 миӊ сом;
- иш сапар чыгымдары беренеси боюнча ашыкча төлөмдөр – 635,2 миӊ сом;
- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүн негизсиз ашыкча жогорулатуулар – 12 891,3 миӊ сом.
- мамлекеттик каражаттардын максатсыз пайдалануулар – 441,3 миӊ сом;
- “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасында максатсыз пайдаланылган каражаттар – 3264,9 миң сом;
- жашырылган дебитордук карыздар жана ашырылган кредитордук карыздар – 12 232,4 миӊ сом;
- бюджеттин башка бөлүгүнө республикалык бюджеттен 805 000,0 миң сом негизсиз бөлүнгөн.
- бюджетке кошумча чегерилген кирешелер – 15 989,2 миӊ сомду түзгөн
- социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 440,3 миӊ сом.
Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 5 034 251,1 миӊ сом. Анын ичинде:
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 2 456,2 миӊ сом;
- бюджеттик уюмдарды ашыкча каржылоолор – 128 224,1 миӊ сом;
- эмгек акы төлөөдө бузуулар – 281 613,6 миӊ сом;
- бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 4 621 957,2 миӊ сом;
Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1 171 181,1 миӊ сом, анын ичинде:
- пландалган максатына жетпестен, белгилүү бир иш-чараларга чыгымдалган каражаттар – 188 102,6 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору жана эсептердеги каражаттардын калдыктары – 983 000,0 миӊ сом.
- Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы бузуулар 78,5 миң. сомду түздү.
Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар - 42 454,8 миң сом.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым каржылык мыйзам бузууларды камтыган материалдар, юридикалык баа берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.
Отурумдун жыйынтыгында, тиешелүү токтом кабыл алынып, текшерилип жаткан объектилерге мындан аркы ишмердүүлүгүндө, аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн Эсептөө палатасынын сунуштары жана сунуштамалары жөнөтүлдү.