Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында, КРнын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси жана профсоюз комитетинин мүчөлөрү Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында жайгашкан Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатакмектебинде болушту.
Интернатта 7 жаштан 17 жашка чейинки 155 бала жашап, билим алышат, анын ичинде окуучулар өлкөнүн ар кайсы региондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар бар. Мектеп-интернаттын өзгөчөлүгү - бул жерде ар кандай оорулардан (ДЦП, жүрөк-кан тамыр оорулары, энурез ж.б.) жабыркаган акыл-эси жагынан кем балдар багылгандыгында. Балдарга майрмадык маанай тартуулоо максатында таттуулар, оюнчуктар жана интернатка муздаткыч белекке берилди.
Аймактык бөлүнүштүн жетекчиси Туркбаев А. Б. балдарды жана жатак-мектептин кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктап: "Биз сиздерге кам көрүп, муктаж болгон учурда жардам беришибиз керек. Бул жердеги ар бир бала көңүл бурууга муктаж жана алардын ар бири биздин сүйүүбүзгө жана камкордугубузга татыктуу!”- деп белгиледи.