Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылга карата Чүй областынын Аламүдүн районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Аламүдүн районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында бардыгы: Аныкталган финансылык бузуулар – 7 398,2 миң сомду түзгөн, анын ичинде:

- акча каражаттарынын жетпей калуулары жана уурдоолор-7,0 миң сом;

- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана жетишпестиктер -7 147,3 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр- 1 461,4 миң сом;
  • эсеп берме суммаларды кошкондо, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 2 138,6 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы 2 144,5 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 373,8 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз- 934,2 миң сом;
  • каржылоо булактары жок болгон учурда, бюджеттин башка деңгээлинде турган уюмдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттар– 94,8 миң сом.

- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 124,9 миң сом, анын ичинен:

  •  салык жана бажы мыйзамдарын бузуу – 38,0 миң сом;
  •  бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 86,9 миң сом;

- Соцфонддун кошумча чегерилген кирешелери-119,0 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 12 890,7 миң сом, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары1 338,8 миң сом;
  • эмгек акы төлөөдөгү бузуулар-2 350,8 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 8 402,3 миң сомду түзгөн;
  • башка резервдер жана жоготуулар – 798,8 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 2 804,0 миң сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отурумунун чечими менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин материалдары, Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнүн айрым суроолор боюнча материалдары, Октябрь айыл өкмөтүнүн курулуш жана оңдоо иштеринин шайкештик аудитинин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй областтык прокуратурасына жиберилген.