2023-жылдын 26-апрелинде КМШга мүчө мамлекеттердин Финансылык көзөмөлдөө боюнча жогорку органдарынын (ФКЖО) мамлекеттик финансылык контролдоо (аудит) стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун XX отуруму оналйн режиминде болуп өттү.
Жыйын видеоконференция аркылуу өтүп, ага Азербайжан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку финансылык көзөмөл органдарынын өкүлдөрү катышты.
Отурумдун жүрүшүндө, конференциянын катышуучулары 2023-жылга КМШга мүчө мамлекеттердин Финансылык көзөмөлдөө боюнча жогорку органдарынын (ФКЖО) мамлекеттик финансылык контролдоо (аудит) стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун Иш планын бекитишти. Андан тышкары Беларусь Республикасынын өкүлү КМШга мүчө-мамлекеттердин Консолидацияланган финансылык отчеттуулуктун аудити боюнча колдонмонун долбоорун талкууга алып чыкты. Ошондой эле, катышуучулар КМШга мүчө-мамлекеттер тарабынан колдонулган аудитордук иш-чараларды пландаштырууда тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу боюнча Казакстан Республикасынын өкүлүнүн маалыматын угушту.
Маалымат үчүн:
КМШга мүчө-мамлекеттердин Финансылык көзөмөлдөө боюнча жогорку органдарынын (ФКЖО) финансылык контролунун (аудитинин) мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу 2010-жылы түзүлүп, мамлекеттик финансылык көзөмөл (аудит) тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү жана стандарттарды иштеп чыгуу максатында КМШга мүчө-мамлекеттердин (ФКЖО) башчыларынын кеңешинин сессиясынын чечимине ылайык иш алып барат.









