Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жалпы квалификациялык талаптар:

Билими:

1)   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3)   Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6)  “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-ж. 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Кыргыз Республикасы жарандыгы.

Компьютердик сабаттуулугу жана керектүү программалык продукттарды билүү.

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли

- маалымат технологиялары жаатындагы жогорку билим: компьютердик технологиялар жана маалыматтык технологиялар; автоматташтыруу жана башкаруу (билим берүү профили: технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, инноватика); экономика жана менеджмент (билим берүү профили: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы маалыматтык технологиялар).

 Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

 -  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү

Билими:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”; “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”; “Электрондук башкаруу жөнүндө”; “Электрондук колтамга жөнүндө”;

-  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин  2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ№64 Жарлыгы;

-  “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ№ 221 Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                                       30-октябрындагы № 526 токтому менен бекитилген “"Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо.

Чет тилди билүү (абзел).

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:

1) өздүк арыз (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

2) кадрдын эсепке алуу боюнча барагы 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен  (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

3) автобиография (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

4) резюме 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

5) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6) нотариус, же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

 7) нотариус тарабынан, же иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

8) илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

          Конкурстук тандоого катышууну каалаган жарандар, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү саат 9.00-18.00 чейин Бишкек шаары,   Исанов көчөсү, 131 дареги боюнча конкурстун жүрүшү жөнүндө жарыя  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыялангандан күндөн тартып он календарлык күндүн ичинде көктөмөгө тигилген  документтерин берет.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.