Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Чоң-Алай районунун 01.01.2020-31.12.2021-жылкы мөөнөтүнө айыл округдарынын бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкеш аудитин жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоосун жүргүздү.

 

Аудит райондук мамлекеттик администрациясын, КР Финансы министрлигинин Чоң-Алай башкармалыгын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын муниципалдык мекемелерин камтыды.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2919,7 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги – 9,6 миң сом, иш сапар чыгымдарынын ашыкча төлөнүшү – 8,0 миң сом, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын ашыкча баалоо – 2694,9 миң сом, КР Социалдык фондунун кирешелерине кошумча чегерүү – 164,3 миң сом.

 

Аныкталган каржылык тартип бузуулардын ичинен 2919,7 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын 32,8 миң сому калыбына келтирилген. Чоң-Алай айыл округунда 2550,1 миң сомго ашыкча курулуш-монтаждоо иштери аныкталганы менен текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилген.