Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Ала-Бука районунун 01.01.2020-31.12.2021-жылкы мөөнөтүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун сакталышы боюнча шайкеш аудити жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүзүлдү.

Аудит Ала-Бука районунун райондук мамлекеттик администрациясын, Каржы министрлигинин Ала-Бука башкармалыгын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын муниципалдык мекемелерин камтыды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 49 011,5 миң сомго каржылык мыйзам бузулар аныкталган. Акча каражаттын жетишсиздиги 21,9 мин сом, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги 9,4 мин сомду түзгөн.

Андан тышкары, 48774,8 миң сомдук каражаттарды сарптоодо тартип бузуулар жана кемчиликтер, анын ичинен: эмгек акыны негизсиз төлөө – 107,2 миң сомго, материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу – 133,8 миң сомго, иш сапардын чыгашасын ашыкча төлөө – 158,9 миң сомго, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын ашыкча баалоо – 8292,6 миң сомго, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 105,0 миң сомго аныкталды, дебитордук карыздарды эсепке алууда 39972,3 миң сомго жашырылган.

Аныкталган каржылык бузуулардын ичинен 48950,3 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын 2309,3 миң сому калыбына келтирилген. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 394,9 миң сомду түздү.