Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүшүнүн Кара-Кулжа районунун 2020-2021-жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун сакталышына шайкеш аудит жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүздү.
Аудитте Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы, Финансы министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын муниципалдык мекемелери камтылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 513,7 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинен: 5,5 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги, 279,5 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодогу тартип бузуулар жана кемчиликтер.


Негизсиз эмгек акы төлөө 60,5 миң сомду, материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу - 32,7 миң сомду, иш сапардык чыгымдарды ашыкча төлөө – 67,8 миң сомду, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 108,2 миң сомду, дебитордук карыздарды эсепке алууда жашыруу – 10,3 миң сомду, киреше салыгы боюнча кошумча чегерүү 137,6 миң сомду, КР Социалдык фондунун кирешелерине кошумча чегерүү 91,1 миң сомду түзгөн. 


Аныкталган каржылык тартип бузуулардын ичинен 513,7 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, 481,9 миң сому калыбына келтирилген. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 581,6 миң сомду түздү.