Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Сокулук районунун, Чүй облусунун 01.01.2020-ден 31.12.2021-жылга чейин мөөнөттөгү жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүздү.

Сокулук районунда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 23 132,7 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. 780,8 миң сомдук жетишсиздик жана уурдоо аныткалды, каражаттарды чыгымдоодогу тартип бузуулар жана кемчиликтер — 21 431,7 миң сомду, анын ичинен: эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү – 3 942,7 миң сомду; материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 5 894,8 миң сомду; курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыра баалоо — 3 213,9 миң сомду; мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 2 260,9 миң сомду;  дебитордук эсептии жаап-жашыруу жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыз – 6 119,4 миң сомду түздү. Ошондой эле бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 836,2 миң сомго, анын ичинен: салык жана бажы мыйзамдарын бузуу – 117,5 миң сомго; бюджетке чегерилүүчү ижара акысы - 701,8 миң сомго; акциялардын мамлекеттик пакети боюнча дивиденддер – 16,9 миң сомго, Социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешеси – 84,0 миң сомго аныкталды.

Мындан тышкары 20 468,9 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. 16 432,3 миң сомдук рационалдуу эмес колдонулган каражаттар аныкталды.

Текшерилген бардык мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.