Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жалпы квалификациялык талаптар:

Билими:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-ж. 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Чет тилдерин билүү (жакшы болмок).

Кыргыз Республикасы жарандыгы.

Компьютердик сабаттуулугу жана керектүү программалык продуктыларды (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалымат-укуктук тутуму, ПК “1С”, “Инфодокс” документ жүгүртүү электрондук тутуму) билүүсү, анын ичинен:

- бет ачарларды уюштуруу; 

- тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө; 

- издөө тутумун пайдалана билүү; 

- кызматтык этиканын ченемин эсепке алуу менен, социалдык тармактарда туура өз ара аракеттешүү;

-   маалыматтарды таблица, графика жана диаграмма түрүндө берүү;

-  уюмдун веб-конференц-байланыш тиркемесин пайдалануу;

- видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемени пайдалануу;

- антивирустук программаны пайдалануу;

- шифрлөө аркылуу маалыматтык тутумдарды жана маалыматтарды коргоо;

- логин жана шарттуу белгини орнотуу;

- компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли

- инженердик-курулуш иш жаатында жогорку кесиптик билими;

- инженердик-курулуш иштеринде мамлекеттик квалификациялык сертификаттын болушу (жакшы болмок).

 Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

 -  тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө эмгек стажы 5 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенттүүлүгү

Билими:

- КР Бюджеттик кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”, “Республикалык бюджет жөнүндө” (тиешелүү жылга), “Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”;

- КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобо.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:

1) өздүк арыз (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

2) кадрдын эсепке алуу боюнча барагы 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

3) автобиография (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);

4) резюме 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

5) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6) нотариус, же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

 7) нотариус тарабынан, же иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

8) илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

          Конкурстук тандоого катышууну каалаган жарандар, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү саат 9.00-18.00 чейин Бишкек шаары,   Исанов көчөсү, 131 дареги боюнча конкурстун жүрүшү жөнүндө жарыя  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыялангандан күндөн тартып он календарлык күндүн ичинде көктөмөгө тигилген  документтерин берет.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.

*****